Чүй – Токмок шаардык башкармалыгынан 35 аз камсыз болгон үй-бүлө 100 миң сомдук сертификатка ээ болду

Бүгүн, 24 – апрелде Чүй – Токмок шаардык башкармалыгынан 35 аз камсыз болгон үй-бүлөгө “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Иш-чарага Жогорку Кеңешенин депутаты Медербек Джаманкулович Саккараев, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Ишенбековна катышышты.
“Катар Черити” кайрымдуулук уюмунун атынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген төрт жаранга коляскалар берилди.
Эскерте кетсек , “Социалдык келишим” президенттин демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып, ишке ашырылууда. Чүй облусу боюнча 629 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон акча берилип бүттү.
“Социалдык келишим” долбоорунун катышуучусу “Үй-бүлөгө көмөк” же балдардын жөлөк пулунан баш тартат. Үч ай аралыкта жөлөк пул берүү токтотулат. Анын ордуна 100 миң сом сертификат берилет.
Акчаны алган адам аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алууга өтүнүч берүүгө укуктуу.
Пайдалуу
Ссылкалар