Бош иш орундар жана кесиптер Жарманкеси 2023 – сиздин чыныгы жумуш табуу мүмкүнчүлүктөрүңүз!

2023-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында бош иш орундар жана кесиптер Жарманкеси өтүп, анда 6000ден ашык бош иш орундар боюнча маалымат берилет. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Бишкектеги IT, курулуш, тейлөө, мейманкана, ресторан, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина жана башка тармактардагы 70-тен ашык алдыңкы ишканалар чогулушат.
10 университет,20 кесиптик лицейлер жана окуу борборлор адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет.
Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрүшөт. Ал эми мектеп окуучулары ишканаларды изилдеп, кесипке багыт берүү сынагынан өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышат. Ошондой эле жарандарга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилет. Мындан тышкары, белгилүү ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүшөт.
Иш-чаранын негизги уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана JIA бизнес ассоциациясы.
Бош иш орундар жана кесиптер Жарманкеси саат 10:00дөн 14:00гө чейин акысыз өтөт (журналисттер иш-чаранын расмий ачылышына саат 11:00гө чакырылат).
Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:
• Гулдана Челобаева, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын өкүлү, телефон: (0502) 22-29-82;
• Арген Керимкулов – «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» долбоорунун PR консультанты: (0700) 03-47-88.
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст «кыргызской республики инистерствообразования наукикыргызскойреспублики еспублики мэрия бшн бишкек бизнес ассоциация JIA германияио ищете работу? у нас есть 6000+ вакансий! ждем вас на ярмарке вакансий и профессий абдрахманова, 196 бишкек, юсупа гапара айтиева музей им. 28 апреля 10:00»
Пайдалуу
Ссылкалар