Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аракети менен өткөн жылы компенсация жана мөөнөтү өтүп кеткен эмгек акы түрүндө 41 миллион сомдон ашык акча төлөнгөн

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 25-апрелде өткөн Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бюросунун директору Ольга Кулаева менен болгон жолугушууда билдиргенин аталган башкармалыктын басма сөз кызматы жазып чыкты.
«Министрлик алдындагы Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы өткөн жылы өндүрүштөгү кырсыктар боюнча 900дөн ашык текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзгөн. Эмгек мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 1,2 миллион сом өлчөмүндө айып салынган. Кызматтын көмөгү менен өндүрүштө жабыр тарткандар 33,1 млн сом суммасында компенсация жана 8,0 млн сом суммасында кечиктирилген эмгек акысын ала алышты.
Министр Кудайберген Базарбаев иштегендердин укугун коргоо боюнча министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн ишин белгилеп өттү. Анын айтымында, жыл башынан бери өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин аракети менен 7,7 миллион сом өлчөмүндө кечиктирилген эмгек акы төлөнүп берилди.
Кудайберген Базарбаевдин сөзү боюнча министрлик заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берүү максатында бул жаатта мыйзамдарды жакшыртуу багытында бир топ алгылыктуу иштерди аткарууда. Маселен, былтыр Эмгек кодексине аралыктан иштөөнү жөнгө салган жаңы норма киргизилген. 2023-жылы “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү” КР Мыйзамы кабыл алынган.
Ольга Кулаева өз кезегинде Кыргыз Республикасына эмгек шарттарын жакшыртуу менен жумушчуларды социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан менен ЭЭУ ортосундагы кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү өнүгө берээрин кошумчалады
//////////////////////////
Пайдалуу
Ссылкалар