Кыргызстанда дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинин өкүлдөрү иштейт

Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭМ) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бюросунун директору Ольга Кулаева менен жолугушуусунда билдирди.
Жолугушууда республиканын эмгек рыногундагы азыркы абал жана өлкөдө иштегендердин эмгек жана турмуш шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
«Бүгүнкү күндө иш менен камсыз кылуу тармагы 2,5 миллион адамды же 18 жаштан жогорку бардык кыргызстандыктардын дээрлик 60%ын камтыйт. Жумушсуздардын саны 142 миң адамды түзөт. Ошол эле учурда түрдүү иш-аракеттердин жыйынтыгында өткөн жылы жумушсуздардын саны 5%га кыскарган.
Эң натыйжалуу чара болуп Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров С.Ндин муктаждыкка жараша жөлөкпул алуучуларды жеке ишкерлердин катарына которуу демилгеси болду. Чакан ишкана ачууга мамлекет 100 миң сомдон бере баштады. Дээрлик 13 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөк пулдан баш тартып, чакан бизнес тармагында иштөөнү чечишти», – деди Кудайберген Базарбаев.
Жолугушууда айтылгандай, Кыргызстанда чет элдик жумушчу күчү жыл сайын өкмөт тарабынан белгиленген квотанын негизинде тартылып келет. Эмгек ишмердүүлүгүн дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген 100дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү жүргүзүшөт. Эң көп иштөөгө уруксат алгандар Кытай, Түркия, Пакистан, Индия, Корея Республикасы, Иран, АКШ жана Европанын жарандары болуп саналат.
«Жаратман экономиканы өнүктүрүү боюнча министрлер кабинетинин маанилүү демилгеси «Санариптик көчмөн» долбоору болду. Көчмөн статусун Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Орусия Федерациясынан анимация, графика дизайны, мультимедиа дизайны, программалоо, IT продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармагында иштеген чет элдик адистер ала алышат.
Ошол эле учурда алар 1 жылга иштөөгө уруксат алуу милдетинен бошотулат. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө 1400 чет элдик жаран «санариптик көчмөн» статусуна ээ.
Жолугушууда Кыргызстан менен ЭЭУнун эмгек шарттарын жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча биргеликтүү иш-аракеттери да талкууланды.
Пайдалуу
Ссылкалар