Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде чет өлкөлөрдө иштөөнү пландаган жарандар үчүн окутуу өткөрүлдү

Иш-чараны министрдин орун басары Жаныл Алыбаева ачып, өз сөзүндө бүгүнкү күндө миграция дүйнөлүк саясий, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр менен байланышкан көп кырдуу көрүнүш экенин белгилеп өттү.
“Учурда түзүлгөн келишимдердин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдуу түрдө Корея Республикасына, Улуу Британияга, Германияга жана Европанын башка өлкөлөрүнө ишке орноштурулууда. Министрлик мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу боюнча тынымсыз ыраттуу иштерди жүргүзүп келет. Бүгүнкү окутуу чет өлкөгө чыгып жаткан жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду. Биз бул иш-чарага Чехияда, Кореяда талыкпай эмгектенип, ийгилик жараткан мекендештирибизди өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырдык” – деди Ж.Алыбаева.
“Чехиядагы кыргыздардын ассоциациясы” диаспоралык уюмунун жетекчиси Саадаткан Даминова жана Корея Республикасындагы “Кырхан уюму” диаспоралык уюмун негиздеген Асылкүл Төлөнбаева, “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун директору Гүлнара Дербишева иш-чаранын катышуучуларына чет мамлекетте иштөө менен байланышкан кээ бир жалпы каталарды жана көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн кандай жагдайларга көңүл бурууну белгилеп кетишти.
Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын лидерлери жетишкен ийгиликтери менен бөлүшүп, иш издөнүн өзгөчөлүктөрү, барган өлкөдөгү мыйзамдар, жүрүм-турум, эрежелери тууралуу айтып беришти.
Гибриддик форматта өткөрүлгөн окутууга 25 адам катышып, аларды кызыктырган суроолорго жоопторду ала алышты.
Пайдалуу
Ссылкалар