Ноокатта 273 аз камсыз үй-бүлө өз бизнес-долбоорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алды
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы номер 385 токтомун ишке ашыруу максатында, Ноокат районунда 3- этап менен Социалдык келишимдин негизинде 273 үй-бүлөгө 100миң сомдук сертификаттар жана майыптуулугу бар муктаж жарандарга кресло-коляскалар тапшырылды. Ага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А. Нарматова, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ж.И. Алыбаева жана райондун акими Д.Б.Иманалиев тапшыруу аземине катышышты.
Жалпы Ноокат районунда 600 үй-бүлөгө 100миң сомдук сертификаттар тапшырылды.25.04.2023-жыл.
2023-04-26