Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору административдик кызматтын кенже группаларынын кадр резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору административдик кызматтын кенже группаларынын кадр резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

Администрациялык кызмат орундарынын кенже группаларына коюлган жалпы квалификациялык талаптар:

Билүү: 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын кенже группаларына коюлган квалификациялык талаптар:

Тармактык багыттар боюнча:

Адис

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– экономика, укук, гуманитардык жана социалдык илимдер жана педагогикалык билим жаатындагы жогорку билим:

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажы талап кылынбайт;

  1. Кесиптик компетенциялар:

 Билүү:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

1) “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”;

2) “Тышкы миграция жөнүндө”;

3) “Ички жер которуу жөнүндө”;

4) “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө”;

5) “Электрондук башкаруу жөнүндө”;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы
№ 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жобо;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы

№ 319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобо;

9) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– жеке арыз;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттолгодугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек).

Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга талапкердин макулдугу.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 25-апрели – 15-майы аралыгында.

Тез көктөмөгө кагаз вариантында тиркелген документтер Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунда Бишкек ш., көч. Токтогул, 237 дареги боюнча, саат 9:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн: (0312) 65-02-50 телефонуна чалыныздар.

Пайдалуу
Ссылкалар