Май айында кантип эс алабыз – Эмгек министрлиги маалымдайт
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция департаментинин маалыматы боюнча, эс алуу күндөрүн которуу министрлер кабинетинин токтому менен жөнгө салынат.
Аталган документке ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2023- жылдын 5-майынан 9-майына чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген (8-майдын ордуна 13-май жумуш күнү болот).
Ошентип, май айында жумуш эмес майрам күндөрү болот: 1 – Май-Эмгек күнү жана 5-майдан 9-майга чейин.
2023-04-27