Ош шаарында бош иш орундар жарманкеси өттү

Бүгүн, 27-апрелде С.Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында бош иш орундар жана кесиптердин Жарманкеси өтүп, анда ар кандай ишмердүүлүк тармагындагы 2000ден ашык бош орундар боюнча маалымат берилди.
Жарманкеге Кыргызстандын 40тан ашык алдыңкы компаниялары чакырылган. Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми мектеп окуучулары ишканаларды изилдеп, кесипке багыт берүү сынагынан өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышты.
Мындан тышкары, белгилүү ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүштү.
Бош иш орундардын жана кесиптердин Жарманкесин жарандарга жана окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө ишке орношууга көмөк көрсөтүү
Иш-чаранын негизги уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана JIA бизнес ассоциациясы.
Жарманке Ош шаарынын мэриясы, Ош технологиялык университети жана Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен, Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit
 (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” кыргыз-герман долбоорунун колдоосу менен чогуу уюштурулду.
Пайдалуу
Ссылкалар