Эмгек министрлиги МСЭКтин ишин жакшыртууну талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиялары менен кеңешме өткөрдү.
Министрлик тарабынан эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык майыптык көйгөйлөрүн аныктоого жана чечүүгө мамилени өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды. Мында коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана жоюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Ошондой эле өкмөттүк акселераторлор программасына ылайык министрликтер жана ведомстволор ортосундагы электрондук документ жүгүртүүгө өтүү маселелери талкууланды.
Министрдин орун басарынын айтымында, жакынкы арада жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапаты, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар министрликтин комиссиясы тарабынан текшерүүдөн өтөт
Пайдалуу
Ссылкалар