Эмгек министри К. Базарбаев “жашыл жумуш орундары жана татыктуу эмгек” чакырыгы астындагы форумга катышты
Бүгүн, 2-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев татыктуу эмгекти камсыздоо жана жашыл жумуш орундарын түзүүгө багытталган принциптерди чагылдырган программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган “Жашыл жумуш жана татыктуу эмгек” форумуна катышты.
“Бул эркин эмгекти, адилеттүү эмгек акыны, коопсуздукту, адамдын кадыр-баркына зыян келтирбеген жана баарына баштапкы бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берген социалдык коргоону билдирет.
Өз кезегинде министрлик татыктуу, коопсуз эмгекти камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Бул биринчи кезекте Кыргызстанда да, өлкөнүн чегинен тышкары жерлерде да мыйзамдуу, коопсуз ишке орношууга тиешелүү. Министрлик иш менен камсыз кылуунун ар кандай түрлөрүн сунуштайт – социалдык контракт, эмгек ордуна азык – түлүк жана накталай акча, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, кесиптик окутуу, жаштардын кесиптик багыты”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Форумдун уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча Кеңештин төрагасынын орун басары, КР ЖК депутаттары К.А. Талиева, Д. А. Ашимова болду. Катышуучулары КР министрлер кабинетинин, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик эмес жана жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын, профсоюздук уюмдардын, иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү болушту.
Форумда Эмгек жана жумуштагы коопсуздук маселелери, климаттын өзгөрүү шартында “жашыл” экономиканы эске алуу менен заманбап чакырыктар жана чечимдер талкууланды.
Ошондой эле экологиялык миграция, “жашыл” экономика шарттарындагы климаттык өзгөрүүлөрдү жана иштеги гендердик аспектилерди эске алуу менен жумуштуулуктун өзгөчө түрлөрү каралды.
2023-05-02