Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы   Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде   улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт: 

Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже кызмат тобун ээлөөгө.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;2) 21 жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.  

 Административдик мамлекеттик жарандык улук кызмат орундары үчүн У-А, У-Б (жалпы мыйзамдарды билүү), негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө ” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 Административдик мамлекеттик жарандык кенже кызмат орундары үчүн  К-А, К-Б (жалпы мыйзамдарды билүү)  негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 

  1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн 1 орун («Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук» бөлүмүн адиси): 

1). Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: экономика жана башкаруу. 

2). Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптарды койбостон. 

3). Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди.

– билгичтиги :

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, суроо – талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– командада иштөө.

– Көндүмдөрү;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

  1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн 1 орун («Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция» секторунун адиси): 

1). Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникaлык илимдер. 

2). Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптарды койбостон. 

3). Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди.

– билгичтиги :

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, суроо – талаптарга  жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– командада иштөө.

– Көндүмдөрү;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),

– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү(иш стажы бар болсо) ;

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

   Белгиленген талаптарга туура келген документтерди жана маалыматтарды жарыяланган күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17-30га чейин тапшыруу керек.

 Дареги: Манас району, Покровка айылы, К.Жаманкулов көчөсү №123, Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, 

телефон: (03459) 2-25-63, мобилдик  номер: 0505916808.

Пайдалуу
Ссылкалар