«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын май айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 – 8 – майына чейин 1412 телефондон кайрылуу (бир суткада 201 чалуу) түшкөн.
Анын ичинен 28 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 3 же 10,7% жаш балдар, ал эми 25 же 89,3 % чоң кишилер), 21 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 3 абонентке психологиялык консультация берилген, 4 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
28 чалуунун ичинен: эркектерден – 7 (25,0%), аялдардан – 18 (64,3%), эркек балдардан – 1 (3,6%), кыздардан – 2 (7,1%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 7 (балдар 0);
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 5 (балдар 0);
– психологиялык жабырлануу менен – 3 (балдар 2);
– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 3 (балдар 0);
– медицина камсыздоо жөнүндө – 2 (балдар 0);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 1 (балдар 1);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 1 (балдар 0);
– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 1 (балдар 0);
– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 1 (балдар 0);
– билим берүү системасы жөнүндө – 1 (балдар 0);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн , ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 0);
– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 1 (балдар 1);
– башка маселелер боюнча – 1 (балдар 0).
1384 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Чүй облусунан – 10 (36,0%);
– Ысык-Көл облусунан – 3 (10,7%);
– Бишкек шаарынан – 2 (7,1%);
– Ош облусунан – 2 (7,1%);
– Жалал-Абад облусунан – 2 (7,1%);
– Ош шаарынан – 2 (7,1%);
– Баткен облусунан – 1 (3,5%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 6 (21,4%).