Эмгек министри аутизм менен ооруган балдардын реабилитациялык борборуна барды

2023-жылы биринчи жолу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте аныктоо жана кийлигишүү программаларына мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев аутизм менен ооруган балдарга кызмат көрсөткөн “Колго кол” коомдук бирикмесинде өткөн жолугушууда билдирди.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 36 миңден ашык майып балдар жашайт. Мамлекет алардын жашоо-турмушуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык чараларды көрөт. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун чечими менен 2022-жылдан баштап чоңдорго жана майып балдарга жөлөк пулдар, ошондой эле жеке жардамчылардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөр эки эсеге көбөйтүлдү. Азыр майып балдар ай сайын 8 миң сомдон төлөнөт. Дайыма камкордукка муктаж болгон майып балдарга жеке жардамчы кызматы көрсөтүлөт. Жеке жардамчыларга 6,2 миң сом өлчөмүндө акы төлөнөт.
Мындан тышкары, азыр бала кезинен I топтогу майыптыгы бар чоңдор да жеке жардамчылардын кызматынан пайдаланууга укуктуу. Буга чейин өлкөдө 9 миңге жакын баланын жеке жардамчылары бар, – деди Кудайберген Базарбаев.
Жолугушууда оор кырдаалга туш болгон балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын кантип аныктоо жана баалоо керектиги, балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан колдоону кантип жүргүзүү керек, кандай эрте кийлигишүү керек экени талкууланды.
Жылдыз Садыкованын айтымында, «Колго кол» бейөкмөт уюму 11 жылдан ашык убакыттан бери аутизм менен ооруган балдарга жана алардын ата-энелерине коомдоштурууга жана жүрүм-турумун оңдоого жардам берип келет. Аймактарда эки филиал ачылып, чет өлкөдөн келген адистер борбордун кызматкерлерине жаңы ыкмаларды үйрөтүп, тажрыйбасын башкаларга үйрөтүп жатышат.
Жолугушууда мындай реабилитациялык борборлорду аймактарда да ачуу керектиги айтылды.
Пайдалуу
Ссылкалар