Министр Кудайберген Базарбаев “Келечек”реабилитациялык борборун пландан тышкары текшерди

 16-май күнү, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Келечек”балдар реабилитациялык борборуна пландан тышкары барды.
Аталган борбор КР Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда 2022-жылдын декабрь айында ачылган. Ал 100 орунга эсептелген, бул стационар режиминде реабилитациялык кызматтарды алган (региондордон келген балдар) жана күндүз болуу режиминде алган майыптыгы бар балдар үчүн. Борбор таяныч-кыймыл аппаратынын жана неврологиялык бузулуулары бар балдар менен иштейт.
2023- жылдын март айында “Келечек” борбору үй-бүлөлүк комплекстүү “дем алуу”программасы боюнча кызмат көрсөтө баштаган. Бул программа майыптыгы бар балдарга өз өнүгүүсүндө, коомго социалдашуусунда мыкты натыйжаларга жетишүүгө жардам берет. Мындан тышкары, аталган программа боюнча ата – энелер үчүн да балдар менен иштөөнүн натыйжалуу ыкмаларын үйрөтүү боюнча сабактар каралган”, – деп белгиледи министр.
Текшерүүнүн жүрүшүндө К.Базарбаев «Келечек» борборунун жетекчилигине борбордун кызматтары бекер көрсөтүлүп жатканын калкка кеңири маалымдап, сапаттуу кызмат көрсөтүүдө ар бир балага көңүл бурууну тапшырды.
Реабилитациялык борборго кабыл алууну уюштуруу Министрликтин аймактык бөлүмүнүн жолдомосу боюнча (реабилитациялык борбордун жетекчилиги менен макулдашуу боюнча) МСЭКтин же жалпы медициналык практика борборлорунун (ЦОВП) дарыгерлеринин сунушу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жашаган жери.
Пайдалуу
Ссылкалар