2022-жылы социалдык контракттын алкагында 7000ден ашык жумуш орундары түзүлгөн

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Алматыда өткөн “Экономикалык өнүгүү үчүн ак ниет башкаруу” аттуу аймактык конференцияда билдирди.
Конференцияда Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкүлдөрү өндүрүштүн өз ара байланышын, маалыматтарды талдоо жана аларды мамлекеттик саясат үчүн пайдаланууну, ошондой эле жарандык коомдун ролун күчөтүү жолдорун талкуулашты.
Презентациялар гендердик теңсиздик, ресурстарды бөлүштүрүү жана башкаруу маселелерине арналды. Эксперттер өнүккөн аналитика мамлекеттик саясаттын чечимдерин иштеп чыгууда өкмөттүн дараметин кандайча олуттуу жакшыртаарын көрсөтүштү.
Натыйжалуу мамлекеттик чечимдин мисалы катары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жакырчылыктан чыгуу демилгеси – социалдык контракт тууралуу айтып берди.
«Өткөн жылы 2800 социалдык келишим түзүлүп, ага мамлекеттик бюджеттен 292 млн сом бөлүнгөн. Биздин анализ көрсөткөндөй, социалдык контрактты ишке ашыруунун алкагында 7 миңден ашык жумушчу орун түзүлгөн. Бул 15 миңден ашуун адамдын жашоосун жакшыртты», – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар