«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын май айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 8 – 15 – майына  чейин 1159  телефондон кайрылуу (бир суткада 165 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 38 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 12 же 31,6 %жаш балдар, ал эми 26 же 68,4% чоң кишилер), 29 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 4 абонентке психологиялык консультация берилген, 5 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

38 чалуунун ичинен: эркектерден – 5 (13,2%), аялдардан – 21 (55,2 %),  эркек балдардан –2 (5,3%), кыздардан – 10 (26,3%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 9 (балдар 6);

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 6 (балдар 0);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 4 (балдар 0);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 4 (балдар 0);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө –3 (балдар1);

– психологиялык жабырлануу менен – 3 (балдар 3);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 3 (балдар 0);

– балдарга кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө – 2 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 2 (балдар 1);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 1 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча –1 (балдар 0);

1121 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 10 (26,3%);

– Чүй облусунан – 10 (26,3%);

– Нарын облусунан – 3 (7,9%);

– Ош шаарынан – 3 (7,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 3 (7,9%);

– Ош облусунан –  2 (5,3%);

– Ысык- Көл  облусунан – 1 (2,6%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 6 (15,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар