Эмгек министрлиги Египеттин Элчиси менен кызматташууну талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Египет Араб Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Манал Элсайед Йехиа Эл Шиннави менен кызматташуу маселелерин талкуулады.
 
Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун коопсуз миграция үчүн шарттарды түзүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруунун алкагында министрлик кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу боюнча иш алып барууда.
 
Мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде Улуу Британияга, Түштүк Кореяга, Германияга убактылуу жумушка жөнөтөт. Японияда жумуш орундары боюнча келишим бар», – деди ал.
 
Тараптар ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция маселелери боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
 
Египеттин элчиси өз сөзүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Б.Базарбаевди Каирге (Египет) 2023-жылдын 5-6-июнунда өтө турган экинчи министрлер конференциясына катышып берүүсүн суранды.
Пайдалуу
Ссылкалар