Эмгек министрлиги Улуу Британиянын GLAA өкмөттүк уюму менен кызматташуу келишимине кол койду

Бүгүн, 22-Май, 2023-жылы, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин Улуу Британия уюму “Gangmasters and Labour Abuse Authority” (Эксплуатациялоого жана эмгек мыйзамын бузууга каршы аракеттенүү кызматы) өкүлдөрү менен жолугушуусунда Эмгек министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору менен аталган уюмдун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
“Бул кызматташуу жөнүндө меморандум Улуу Британияда убактылуу айыл чарба секторунда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз ишке орношуусуна каршы аракеттенүүгө жана алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, аларга маалыматтык-укуктук жардам көрсөтүүгө багытталган. Өткөн жылдан бери мамлекеттер аралык келишимге ылайык кыргызстандыктар Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине барышат, келишим аларды коргоону күчөтүү максатын көздөйт”, – деп белгиледи эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев.
Эксплуатациялоого жана эмгек мыйзамын бузууга каршы аракеттенүү кызматы Улуу Британиянын өкмөтүнүн айыл чарба тармагындагы сезондук жумуш программасынын операторлорун аккредитациялоо жана чет өлкөлүк жарандар үчүн Улуу Британияда иштөө жана мыйзамсыз жумушка орношуунун алдын алуу үчүн милдеттүү болгон операторлорго лицензиясын берүү үчүн ыйгарым укуктуу уюм болуп саналат.
работы в Великобритании и предотвращения нелегального трудоустройства.
Пайдалуу
Ссылкалар