Эмгек жана жумуштуулук жакырчылыкты жоюуда негизги фактор болуп саналат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ташкент шаарында өткөн “Өзбекстандын жакырчылыкты кыскартуу тажрыйбасы: өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө баалоо жана колдонуу” эл аралык форумунда сүйлөп жатып жана Кыргызстанда калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып жатып баса белгиледи.

“Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаровдун милдеттеринин жана демилгелеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана абалын жакшыртуу боюнча бардык зарыл чаралар ырааттуу көрүлүүдө. Эмгек жана жумуштуулук жакырчылыкты жоюунун негизги факторлору болуп саналат. Бүгүнкү күндө тараптардын кызыкчылыктарын жана ар кандай чакырыктарды эске алуу менен эмгек жана эмгек мамилелери, иш менен камсыз кылуу, калктын аярлуу катмарын социалдык коргоо системасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат өркүндөтүлүүдө” – деди Жылдыз Полотова.

“Ар бир үчүнчү аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтыган “Эмгек ордуна азык-түлүк/накталай акча” масштабдуу долбоору ишке ашырылууда. 2022-жылдан баштап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекет социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү аркылуу киреше алып келүүчү бизнести ачууга жардам берип келет. Жыл башынан бери дээрлик 10 миң үй-бүлө өз ишин баштады. Бул долбоордун катышуучуларынын 90% дан ашыгы – аялдар”, – деп кошумчалады ал.

Министрдин орун басары аялдарды ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу боюнча чаралардын мамлекеттик саясаттагы маанилүү ролун, алардын санариптик технологияларга, өзгөчө айыл жергесинде жетишүүсүн белгиледи. Экономиканы, башкаруу системасын, социалдык чөйрөнү активдүү санариптештирүү жана кирешеси төмөн жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн санариптик социалдык карталарын түзүү процесстери жөнүндө айтып берди.

“Жакырчылыкты жоюу үчүн аймактык коопсуздук маанилүү шарт болуп саналат. Региондогу тынчтык жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер жакырчылыкты кыскартууга олуттуу таасирин тийгизет. Коңшулук мамилелерди жана достукту чыңдоого көңүл буруу менен биз Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташабыз, өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана жалпы коопсуздукту коргойбуз. Биздин максат – аймактагы туруктуулукту камсыз кылуу жана биздин артыкчылыктарыбызды элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн пайдалануу”, – деди Жылдыз Полотова өз сөзүнүн аягында.

Эл аралык форум адам капиталын өнүктүрүү аркылуу жашоонун сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулоого арналган. Ага түрдүү өлкөлөрдүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлүк финансылык институттардын жетекчилери, эл аралык эксперттер, анын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаты Адхижит Банерджи катышты.

Катышуучулар адам капиталын өнүктүрүүнүн эсебинен калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча келечек пландарды талкуулашты.

Возможно, это изображение 12 человек, помост и текст
Пайдалуу
Ссылкалар