Кыргызстандыктар Европанын эң мыкты өзгөчө экономикалык аймагында мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат

Тиешелүү макулдашууга Россия Федерациясында ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору менен Татарстан, Россия Республикасынын “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагынын ортосунда кол коюлду.
Макулдашууга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен «Алабуга» ӨЭАнын башкы директору Тимур Шагивалеевдин жумушчу жолугушуусунда кол коюлду.
Министрдин айтымында, келишимге Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун эмгек мигранттары үчүн коопсуз шарттарды түзүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында болду.
«Кыргызстандын ичинде да, анын сыртында да мыйзамдуу ишке орноштуруу биздин министрликтин негизги милдети. Кыргызстандыктар жумуш таап жатканда алардын эмгек укуктары жана социалдык кепилдиктери бузулбасына ишениши керек. Бүгүнкү келишим мекендештерибиз мыйзамдуу иштеп, маянасын өз убагында алып, социалдык пакетке ээ болгон бир катар мамлекеттерди толуктайт», – деди Кудайберген Базарбаев.
“Алабуга” өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги атайын экономикалык аймак Елабуга шаарында жайгашкан, Financial Times басылмасынын маалыматы боюнча ал бир нече жолу Европадагы эң мыкты атайын экономикалык аймак катары таанылган.
«Алабуга» ӨЭАнын негизги приоритеттүү багыттары болуп технологиялык ишкердикти өнүктүрүү, инфраструктураны кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү саналат. Учурда «Алабуга» ӨЭА КМШ өлкөлөрүнөн эмгек мигранттарын тартууга багытталган бир катар долбоорлорду иштеп чыгууда.
Пайдалуу
Ссылкалар