ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү үчүн Кыргызстан эмнелерди сунуштайт?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарында “Көп уюлдуу дүйнөдөгү Евразиялык интеграция” урааны астында өтүп жаткан II Евразиялык экономикалык форумунун сессиясына катышты.
“ЕАЭБ өзүнүн экономикалык потенциалын гана бириктирбестен, бирдиктүү эмгек рыногун курууда. Биздин өкмөттөрдүн алдында актуалдуу милдет турат – билим берүү аркылуу адам капиталын калыптандыруу ыкмаларын координациялоо.
Эмгек мигрантынын статусун өзгөртүүгө, илимий-техникалык жана интеллектуалдык чөйрөлөрдө эмгек мигранттарынын өкүлчүлүгүн жогорулатууга мезгил келди.
ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү үчүн Кыргызстан эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен кесиптик жана техникалык билим берүү системасын өркүндөтүүнү, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринде бирдиктүү талаптарды шайкеш келтирүү жана киргизүү үчүн сертификациялоо жана квалификацияны таануу борборлорун түзүүнү сунуштайт.
Кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоонун жана коопсуздугунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн туруктуу өсүшү үчүн шарттарды түзүү маанилүү», – деди министр.
Кудайберген Базарбаев белгилегендей, миграцияны башкаруунун жетишкендиктеринин бири чет өлкөдө цивилизациялуу ишке орноштуруу системасын түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат.
«Эмгек миграциясынын оң натыйжаларына акча которуулардын келип түшүүсү, жаңы технологиялар, жаңы кесиптерди өздөштүрүү , квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик көндүмдөр кирет. Мунун баары аймактардын экономикасынын өнүгүшүнө, үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугунун өсүшүнө өбөлгө түзөт», – деди министр өз сөзүндө.

Пайдалуу
Ссылкалар