Кайдыгер кала албаган жер
Жайдын биринчи күнүндө биз балдардын негизги майрамын – Балдарды коргоо күнүн белгилейбиз.
Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдар үйлөрүнүн жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучуларын куттуктады. Жардамга муктаж балдарга кам көрүү министрликтин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
1-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Социалдык коргоо департаментинин жетекчиси Актан Балбаков Сокулук шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборуна барды.
Эмгек министрлигинин жетекчилигинин атынан белектер тапшырылып, борбордун тарбиялануучуларына чың ден соолук, чексиз кубаныч жана көп жылмаюу каалады.
Ошондой эле балдарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн мекеменин жалпы жамаатына терең ыраазычылыктарын билдирди.
Келген конокторго борбордун тарбиялануучулары концерттик программасын тартуулашты.
Сокулук реабилитациялык борбору 2014-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды өз алдынча активдүү жашоого мыкты даярдоого салым кошуу максатында аларды тарбиялоо жана окутуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөн. Учурда бул жерде дайыма жардамга муктаж 75тен ашык окуучу жашайт.
2023-06-01