«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын май айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 – майынан 1- июнуна чейин 6602 телефондон кайрылуу (бир суткада 212 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 175 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 53 же 30,3%  жаш балдар, ал эми 122 же 69,7 % чоң кишилер), 134 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 20 абонентке психологиялык консультация берилген, 21 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

175  чалуунун ичинен: эркектерден – 32 (18,3%), аялдардан – 90 (51,4%),  эркек балдардан – 11 (6,3%) , кыздардан – 42  (24,0%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө –  35 (балдар 0);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 31  (балдар 21);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 26 (балдар 0);

– психологиялык жабырлануу менен  – 19 (балдар 17);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 15 (балдар 9);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө  – 13 (балдар 1);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 7 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 7 (балдар 1);

– балдарга кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө – 6 (балдар 1);

– үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 6 (балдар 0);

– билим берүү системасы жөнүндө – 3 (балдар 0);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн , ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 3 (балдар 0);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 3 (балдар 2);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 1 (балдар 0).

6427 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 54 (31,0%);

– Чүй облусунан – 42 (24,0 %);

– Жалал-Абад  облусунан  – 16 (9,1%);

– Ош облусунан – 13 (7,4%);

– Ош шаарынан – 9 (5,1%);

– Нарын облусунан – 6 (3,4%);

– Ысык-Көл  облусунан – 5 (2,9%);

– Баткен облусунан   – 5 (2,9%);

– Талас облусунан – 2 (1,1%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 23 (13,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар