Эмгек министрлигинин “балдар үчүн ишеним телефонуна” саатына сегиз чалуу келет

2023-жылдын май айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдар үчүн ишеним телефону борборуна 6,6 миңден ашык чалуу түшкөн. Бул суткасына 212 чалуу.
Ошол эле учурда чалуулардын үчтөн бир бөлүгүн гана балдардын кайрылуулары түзсө, калган чалууларды балдарды тарбиялоо, алар менен болгон мамилелер боюнча психологиялык консультацияга муктаж ата-энелер түзгөн.
Телефон чалган балдардын арасында кыздар алдыда. Дээрлик ар бир бешинчи чалуу кыздардан болгон. Ошондой эле, аялдар эркектерге караганда кеңешке көбүрөөк кайрылышкан.
Аймактык өкүлчүлүк боюнча Бишкек шаары алдыда (31%), Чүй облусу экинчи, Жалал-Абад облусу үчүнчү орунга чыкты. Эң аз чалгандар Талас облусунан болгон – болгону 2 чалуу.
Телефон чалгандар балдарды тарбиялоо, алардын жүрүм-турумундагы көйгөйлөр боюнча кеп-кеңештерин, балдарга карата зомбулукту жана кароосуздукту билдиришип, юридикалык жана социалдык жардам сурап, билим берүү, саламаттыкты сактоо маселелери боюнча суроолорун беришип, ар кандай кызматтардын ишине нааразычылыктарын билдиришкен.

Бардык кайрылуулар боюнча консультациялар берилди же тиешелүү мамлекеттик органдарга жолдомо берилди.

Возможно, это изображение телефон, телефон, пирог и текст «1110 111 детский телефон доверия»
Пайдалуу
Ссылкалар