Сауд Арабиясы Кыргызстанга 25 тонна курма тартуулады

Сауд Арабия Королдугунан Кыргызстанга 25 тонна курма тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жана Сауд Аравиясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим бин Аль-Ради жана Ауад Масоуд Аль Кахтани мырза катышты.
“Бул долбоор падыша Салман атындагы куткаруу жана гуманитардык иштер борбору тарабынан ишке ашырылууда. Ошол эле учурда борбор жана башка уюмдар тарабынан Кыргызстанга гранттар жана кредиттер түрүндө бир нече жолу жардам көрсөтүлдү, анын ичинде билим берүү, автожолдорду реконструкциялоо, медицина, социалдык өнүктүрүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга жардам көрсөтүлдү”, – деди атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Ибрахим бин Аль-Ради
Министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев дагы Сауд Арабиясынын Кыргызстанга көрсөткөн жардамын белгиледи.
«Биздин өлкөлөр ар түрдүү тармактарда – социалдык-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка тармактарда кызматташып келет.Биздин өнөктөш достор көп жылдар бою Кыргызстанга олуттуу жардам көрсөтүп келүүдө. Пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн КСА 500 миң АКШ долларына гуманитардык жардам бөлгөн. Мындан ары дагы биз мурда 100 миң сомдон алган аз камсыз болгон үй – бүлөлөрдүн бизнесин өнүктүрүү үчүн социалдык келишимди ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантабыз деп ишенем”», – деди ал.
Министрлик долбоордун уюштуруучуларынын планына ылайык, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы социалдык мекемелерге, тактап айтканда, карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, КМДБ жана мамлекеттик уюмдарга бөлүштүрүлөөрүн билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар