Сириядан кайтып келген аялдар жана балдар реабилитациядан өтүп, мекенине жөнөтүлдү

2023-жылдын 16-февралында «Айкөл» операциясынын алкагында 18 аял жана 41 бала Сирия Араб Республикасынын жер которгон лагерлеринен Кыргыз Республикасына мекенине кайтарылган.
Репатриация АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин көмөгү менен тиешелүү мамлекеттик органдардын аракети менен ишке ашырылды.
Кыргыз Республикасына келгенден кийин аялдар жана балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алар медициналык, психологиялык, теологиялык, билим берүү адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча иш алып барышкан. Балдарды документтештирүү иштери да жүргүзүлдү.
Ишке тартылган мамлекеттик органдардын адистеринин жакшы координацияланган командалык ишинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетинин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын колдоосу менен 2023-жылдын 1-июнунда реабилитациялоо процесси аяктап, бардык аялдар жана балдар жашаган жерлери боюнча региондорго жөнөтүлдү.
Ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик органдар аларды реинтеграциялоо жана коомго адаптациялоо боюнча иштерди улантат.
Репатрианттарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо процессин жалпы координациялоону Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ишке ашырат.

Возможно, это изображение 2 человека, ребенок и хна
Пайдалуу
Ссылкалар