Эмгек министри Ислам Кызматташтык Уюмунун конференциясында иш менен камсыз кылуунун жаңы чаралары жөнүндө айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Египеттин Каир шаарында 5-6-июнда өтүп жаткан Социалдык өнүктүрүү боюнча министрлердин экинчи конференциясына катышууда.
Ислам Кызматташтык уюму өткөргөн конференцияда УКУга мүчө мамлекеттердин, анын органдарынын жана мекемелеринин балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү, балдар эмгегинин көйгөйлөрүн чечүү, нике жана үй-бүлө институтунун укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, улгайган адамдарды жана майыптыгы бар адамдарды багуу жана социалдык жактан камсыз кылуу жана алардын социалдык интеграциясын камсыз кылуу жаатындагы аракеттери каралды .
Кудайберген Базарбаев куттуктоо сөзүндө, Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдеттенме алганын белгиледи: 2030-жылга карата татыктуу социалдык коргоо системасын киргизүү.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров социалдык коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурууда. Алсак, 2021-жылы кол коюлган алгачкы документтердин бири мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо, социалдык мекемелердеги тамак-аштын нормалары жөнүндө жарлыктар болду. 2022-жылы жарандардын айрым категорияларына жөлөкпулдардын өлчөмү жогорулатылды.
Өткөн жылдан бери өлкөдө мамлекет башчынын демилгеси менен үй-бүлөлөрдү ишкердикке тартууга багытталган “Социалдык контракт” долбоору ишке ашырылууда. Өлкөдө калкты социалдык жактан коргоону жакшыртуу максатында саламаттыкты сактоо, билим берүү, пенсиялык камсыздоо системалары динамикалуу өнүгүп жатат», – деди ал.
Конференцияга Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин социалдык өнүгүүсүнө жооптуу министрлер, уюмдун тиешелүү органдары менен мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле көптөгөн эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйынтыгында конференциянын катышуучулары «Социалдык адилеттүүлүк жана социалдык коргоо» темасында ИКУга мүчө-өлкөлөрдүн социалдык өнүктүрүү боюнча экинчи министрлер конференциясынын Резолюциясын жана Декларациясын кабыл алышат.
Маалымат үчүн: Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) 1969-жылдын 25-сентябрында Рабат шаарында өткөн мусулман мамлекеттеринин башчыларынын конференциясында негизделген, Эң ири жана эң таасирдүү расмий өкмөттүк мусулман эл аралык уюму. Учурда ал 1,5 миллиардга жакын калкы бар, 57 мамлекетти бириктирип турат.
Кыргыз Республикасы ИКУга 1992-жылдын 1-декабрында Сауд Аравиясынын Жидда шаарында өткөн ИКУнун Тышкы иштер министрлеринин 6-кезексиз жыйынында кошулган.
Пайдалуу
Ссылкалар