Кыргызстандыктар коопсуз миграция боюнча маалыматты “Манас” аэропортунан учуп жатканда ала алышат

«Манас» аэропортуна өлкөдөн тышкары кетип жаткан эмгек мигранттары үчүн коопсуз миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча ыкчам маалымат берүүчү маалыматтык күркөлөрү (LED панелдери) орнотулду.
“Эмгек министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган чет өлкөлөрдө коопсуз ишке орноштуруу жаатындагы милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.
Бүгүнкү күндө мыйзамдуу түрдө министрликтин тиешелүү борбору аркылуу Россияда, Улуу Британияда, Түштүк Кореяда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ишке орношууга болот.
Ошол эле учурда министрлик биздин жарандардын чет өлкөлөрдөгү эмгек укуктарын коргоодо турат.
Мисалы, Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар иш берүүчүлөргө байланыштуу кандайдыр бир жагдайларда Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө кайрыла алышат. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айында эле министрликтин кийлигишүүсү менен 100гө жакын адам төлөнбөгөн 8,5 млн рубль маяна ала алышты”, – деди маалымат күркөлөрүнүн ачылыш аземинде эмгек министри Кудайберген Базарбаев.
Иш-чарага ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Алмаз Алыбаев, USAID, WINROCK INTERNATIONAL, МЭА өкүлдөрү катышты.
Статистика и объявления
Продвигать публикацию
Все реакции:

7

Пайдалуу
Ссылкалар