Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыкты

10-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин министр К.Б.Базарбаев жетектеген кызматкерлери «Улуттук экологиялык» масштабдуу “Улуттук тазалык күнү” акциясынын алкагында өтүп жаткан жалпы республикалык ишембиликке чыгышты. Ишембиликте Э З.Гареев атындагы сейил багынын жетекчиси Г.Ч.Донбаева болду.
Министрликтин Борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын атайын аянтында тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Аткарылган иштердин алкагында участоктор таштандылардан, сынган бутактардан, тротуарлар, жол жээктери, арыктар тазаланды. Чогулган катуу тиричилик буюмдары түрү боюнча (пластик, айнек) сорттолгон.
Ушундай эле экологиялык иш-чаралар бүгүн бардык аймактык башкармалыктар жана ведомстволук түзүмдөр тарабынан, ошондой эле республиканын аймактарында уюштурулуп, министрликтин райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да белгиленген жерлерди тазалоого катышты.
Эске салсак, жалпы республикалык ишембилик Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” жарлыгына жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планына ылайык өткөрүлүүдө. 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 токтомуна ылайык, республиканын бардык шаарларында жана шаарларында ишембиликтер өткөрүлөт.
Пайдалуу
Ссылкалар