Биздин милдет – балдардын кыялдарын орундатуу, – Эмгек министри Кудайберген Базарбаев

Бүгүн, 13-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына барды.
Мектеп-интернатта Кыргызстан боюнча 189 бала жана өспүрүмдөр жашайт. Президент С.Н.Жапаровдун атынан министр тарбиялануучуларга кийим-кече жана Ысык-Көлгө жолдомо тапшырды. Кудайберген Базарбаев мугалимдерге жана тарбиячыларга балдарга ыңгайлуу шарт түзүп берген эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
«Балдар кыялданышы керек, биздин милдетибиз алардын кыялын ишке ашыруу. Бул жердеги ар бир бала өзгөчө көңүл бурууга муктаж, мамлекет үй шартына болушунча жакын жашоо шартын түзүү үчүн бардык чараларды көрүүдө”, – деп белгиледи министр.
Мектеп-интернаттын директору Назгүл Мусаева көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. “Биз балдардын дарегине келген ар кандай жардамга ыраазыбыз. Интернатта биз чоң үй-бүлөдөй жашайбыз. Мектеп программасынан тышкары балдар ийримдерде окуп, спортко , маданий иш – чараларга катышышат”, – деди Мусаева.
Балдар мекемесине баруу учурунда министр мектептин инфраструктурасы, тарбиялануучулардын жашоо шарттары жана жашоо-тиричилиги менен таанышты
Пайдалуу
Ссылкалар