Эмгек министри качкындардын урматына арналган көргөзмөнүн ачылышына катышты
22-июнь Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата БУУнун Качкындар боюнча агенттиги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Үйдөн алыс үмүт” аттуу сүрөт көргөзмөсүн ачты. Иш-чара 20-июнда бүткүл дүйнөдө белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата уюштурулууда.
Бүткүл дүйнөлүк Качкындар күнү-бул дүйнө жүзүндөгү качкындарга таазим кылуу үчүн БУУ тарабынан белгиленген эл аралык күн.
Ардактуу конок катары КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Базарбаев чакырылып, ал өз сөзүндө БУУ КЖКБнын Кыргызстандагы качкындардын укуктарын коргоого, бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча натыйжалуу өнөктөштүктү түзүүгө кошкон салымын белгиледи.
Министр 1990-жылдан бери Кыргыз Республикасы 20 миңден ашык качкындарды кабыл алганы, качкындардын кыргыз коомунун бир бөлүгү катары калыптанышы боюнча цифраларды жарыялады. Сөзүнүн аягында К.Базарбаев министрликтин мындан ары качкындарды коргоо формаларын активдештирүүгө көмөктөшүүгө жана БУУ КЖКБ менен натыйжалуу кызматташууну чыңдоого даярдыгын белгиледи.
сотрудничество с УВКБ ООН.
2023-06-23