Эмгек министри Нарын облусунун Байзак айылында инклюзивдик эс алуу борборун ачты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылынын тургундары үчүн инклюзивдик борборунун ачылышына катышты.
Мекеме Байзак айылдык кеңешинин төрагасы Мээрим Молдалиеванын демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен ачылган.
Инклюзивдик борбордо айыл тургундары көңүл ачууга, таланттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле борбор үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана гендердик колдоо боюнча иштерди жүргүзөт.
Министрдин айтымында, министрлик бир нече жылдан бери “мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” КР мыйзамынын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга 48,0 млн.сом бөлүп, өлкө боюнча коомдук демилгелерди колдоп келет.
“Буга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында министрлик калкка ар кандай кызматтарды көрсөткөн коомдук уюмдарга финансылык колдоо көрсөтүп жаткандыгы мисал боло алат.
Чоңдорго жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү, карылар үчүн эс алуу жайларын, зомбулуктан жапа чеккен балдарга жана аялдарга жардам көрсөтүү борборлорун түзүү.
Биз калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн жарандык коом жана жергиликтүү администрациялар менен тыгыз иш алып баруудабыз”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Борбордун ачылышына Жумгал районунун акиминин орун басары, жергиликтүү бийликтин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
органов власти, общественных организаций.
Пайдалуу
Ссылкалар