Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады
“Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу тутумунун маанилүү элементи, анын натыйжалуу ишинен Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү көз каранды. Силердин алдыңарда көп милдеттер турат. Мекенибиздин жарандарына кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттырып, аппараттын түзүмүн жакшыртып, мамлекеттик башкаруунун кынтыксыз иштей ала турган тутумун түзүүбүз керек. Алдыга койгон максатыңарга жетүүдө баарыңыздарга чын ден соолук, кайраттуулукту жана алдыга умтулууну каалаймын,”-деди К.Базарбаев.
Министрликтин кызматкерлери Социалдык коргоонун отличниги, ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Пайдалуу
Ссылкалар