Кыргызстандыктар Эмгек министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат

Тиешелүү келишимге бүгүн, 22-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттик Al Huqооq International Company”компаниясы кол коюшту.
«Чет өлкөдө коопсуз эмгек шарттарын уюштуруу КР Президенти С.Н.Жапаровдун тиешелүү жарлыгынын алкагында министрликке жүктөлгөн милдет. Ал эми бүгүнкү күндө департамент Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, коопсуз жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат.
Кол коюлган келишимдин алкагында кыргызстандыктарга туризм, медицина жана мейманкана бизнеси тармагында бош орундар берилет. Негизги талаптар – англис тилин билүү жана 18 жаштан 45 жашка чейинки курак», – деп түшүндүрдү министр.
Пайдалуу
Ссылкалар