Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевичтин төрагалыгы астында жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, соцалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Алыбаева Жаңыл Ишенбековнанын катышуусунда болуп өттү.

Аталган Кеңеш кызыктар болгон мамлекеттик органдар, Кеңештин курамына кирген өкмөттук эмес уюмдардын жана Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду.

Жыйында “Кыргызстандагы майыптыгы бар балдар жана өспүрүмдөр тууралуу кырдаалды талдоо” тууралуу изилдөөлөр, майыптыгы бар адамдардын банктык кызматтарга болгон жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер каралды.

Ал эми Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын ишке ашырылышы тууралуу Министрликтин майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адиси Мамбетаипова Чолпон Асаналиевна маалымдады.

Жыйынтыгында, Кеңештин катышычуулары тарабынан суроолор жана сунуштар активдүү берилип, майыптыгы бар жарандардын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун биргелешип талкууланды. Ошондой эле, кийинки кезектеги Кеңеште карала турган маселелердин күн тартиби бекитилди.

Пайдалуу
Ссылкалар