Кыргызстан менен Израилдин эмгек министрлери кызматташуу багыттарын талкуулашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Израиль мамлекетинин эмгек министри Йоав Бен Цур менен кызматташуу маселелерин талкуулады.
Эмгек министрлигинин жетекчиси белгилегендей, Кыргызстан мыйзамдуу ишке орношуу шарттарын уюштурууга кызыкдар.
“КР Президенти С.Н.Жапаровдун миграциялык кырдаалды жакшыртуу боюнча Жарлыгынын алкагында министрлик эки багытта иш алып барууда. Биринчиси-өлкө ичинде жумуш орундарын түзүү. Бул жерде мамлекет башчысынын демилгеси менен биз муктаж болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул алуудан мамлекет менен социалдык келишим түзүү аркылуу чакан бизнес ачууга өтүүгө жардам беребиз.
Буга чейин 13 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекеттик бюджеттен 100 миң сомдон алып, жума сайын киреше алып, жеке ишкер болушкан.
Экинчи багыт-чет өлкөлөрдө мыйзамдуу жумушка орношуу. Кыргызстандыктар Эмгек министрлигинин линиясы боюнча Улуу Британияда, Россияда, Түштүк Кореяда, Литвада, Францияда, Швецияда, Японияда, Германияда ишке орношо алышат. Башка багыттар иштелип жатат”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Жолугушууда кыргызстандыктарды Израилдеги ишканаларда мыйзамдуу ишке орноштуруу маселеси талкууланды.
Израилдин министри Йоав Бен Цурдун айтымында, Израилге курулуш, меймандостук жана карыларга кам көрүү тармагында жумушчулар керек.
Талкууга КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Авазбек уулу Расул, эки өлкөнүн Эмгек министрликтеринин өкүлдөрү катышты.
Возможно, это изображение 2 человека
Пайдалуу
Ссылкалар