2023-жылы социалдык контракттын катышуучуларынын үй-бүлөсүндө 33 миңден ашык бала жашайт

Бул сандарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, быйылкы жылы өлкө боюнча 9980 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзгөн.
Жыл аягына чейин жалпысынан 100 миң сом акчалай жардамды жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ичинен 10 миң үй-бүлө чакан ишкана ачуу үчүн алышат.
Эмгек министрлиги 2023-жылы социалдык контракттын катышуучуларынын үй-бүлөлөрүндө 33 миңден ашык бала жашай турганын, алардын 90%ы жөлөк пулун алаарын тактады.
Бул жөлөкпул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 16 жашка чейинки ар бир балага төлөнөт. Жөлөк пулдун өлчөмү көбөйгөндөн кийин орточо төлөм айына 1353 сомду түзөт.
Пайдалуу
Ссылкалар