Социалдык контракттын катышуучуларынын 75% айыл чарба тармагында бизнес ачкан

2023-жылы Социалдык контракт долбоорунун 7,5 миңден ашуун катышуучусу айыл чарба тармагында бизнес ачкан. Бул сандарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен жакырчылыктан чыгуунун активдүү чарасы катары ишке ашырылууда. Долбоорго бюджеттен бөлүнгөн 100 000 сомду бекер пайдаланып чакан бизнес ачкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышууда.
Долбоордун катышуучулары туруктуу киреше алып, жеке ишкерлер гана болбостон, жумуш орундарын түзүшөт.
7,1 миң үй-бүлө мал чарбачылык тармагында өз ишин баштаса, өсүмдүк өстүрүү тармагында 120 долбоор, балчылык боюнча 118 долбоор ишке ашырылууда.
Республика боюнча 20 күнөскана жана 70 канаттуулар фабрикасы ачылган.
Балык чарба тармагында дагы 6 долбоор ишке ашырылууда.
Пайдалуу
Ссылкалар