Эмгек министринин орун басары Ак-Суу районундагы социалдык келишимдин аткарылышын текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы социалдык келишимдин аткарылышы менен таанышты.
«Ысык-Көл облусунда быйылкы жылы мамлекет тарабынан аз камсыз болгон 794 үй-бүлөгө 100 миң сом берилди, анын ичинен 256сы Ак-Суу районунда жашайт. Алардын көбү айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырып келишет. Мисалы, биз барган төрт баланын атасы Бектур уулу Нурдин мал сатып алды. Алты баланын апасы Элиза Чолпонбаева дагы ошондой кылды. Азыр сүт, айран, каймак тартуулашат.
Ал эми Айжан Эмилова кулпунай өстүрө баштаган. Ал азыртан отургузуу аянтын кеңейтүүдө. Тапкан акчасына жана жакындарынын жардамы менен боз үй сатып алып, эс алуучулар үчүн эс алуу жайларын ачкандар бар. Алардын бири беш баланын энеси Гүлкайыр Мадатова.
Алган 100 миң сомго дагы бир үй-бүлө алгач тигүүчү машина сатып алган. Алган кирешеге дагы 2 тигүүчү машинка сатып алып, 2 жумушчуну жалдады. Учурда тигүүчүлүктөн ай сайын түшкөн киреше 30 миң сомдон ашат», – деди Жылдыз Полотова.
«Социалдык контракт» долбоору аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүүгө багытталган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин флагмандык демилгеси болуп саналат. Долбоордун максаты – үй-бүлөлөрдүн татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү, социалдык жактан коргоо жана алардын жашоо сапатын жогорулатуу.
их жизни.
Пайдалуу
Ссылкалар