Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы жөнүндө талкуу болуп өттү

Бүгүн, 29-июнда, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, ошондой эле Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өттү.
Жыйынды КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова ачып, “Президентибиз С.Н. Жапаров мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө, улуттун улут болуп сакталып калышына – эне тилдин орду өзгөчө экенин дайыма белгилеп кетет. Баарыбызга маалым болгондой, өлкө башчыбыздын “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” биринчи жарлыгы адеп-ахлактык негиздер менен каада-салттарды камтыйт. Мында коомдук өнүгүүдө кыргыз тилинин ролу жогору жана маанилүү. КРнын мамлекеттик тилинин конституциялык статусун чыңдоо жана өнүктүрүү максатында Министрлик тарабынан бир топ иштер өткөрүлүп, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамына жана башка мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган укуктук документтерге ылайык иш жүрүүдө” – деди ал сөз башында.
Министрдин орун басары Мыйзамдын так аткарылышы дайыма көзөмөлдө экендиги, иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлөөрү, зарыл учурларда гана расмий тилде чыгаары жөнүндө белгилеп кетти. Ошону менен бирге, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө айрым көйгөйлөр бар экендиги жөнүндө, мисалы, кызматкерлер арасында мамлекеттик тилде сөз байлыктын аздыгы туралуу айтып кетти. Бирок, кемчиликтерди болтурбоо жаатында байма-бай иш-чаралар жүргүзүлүп, Министрликтин кызматкерлерине туруктуу негизде мамлекеттик тилдин грамматикасы боюнча окутуулар өткөрүлүп жаткандыгы туралуу белгиледи.
Ошондой эле, Жылдыз Полотова кыргыз наркын, салтын сактоосуна, коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө өбөлгө түзгөн Министрликтин бир топ аракеттери жөнүндө дагы айтып кетти.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Батма Топоева-Ставинская мамлекеттик кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин баалоо маселелери жөнүндө баяндама жасады.
Ошондой эле КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагында мамлекеттик тилдин абалы, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы анын абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама жасап, көйгөйлүү маселелерди Министрликтин кызматкерлери менен биргеликте талкуулады.
и ещё 5
Пайдалуу
Ссылкалар