Кыздардын билим алуу укуктарын жана эрте турмушка чыгуудан коргоо боюнча коомдук диалогдор өлкөнүн бардык областарында өттү

 2023-жылдын 10-майынан 22-июнуна чейин өлкөнүн бардык областарынын 14 районунда кыздардын билим алуу укуктарын жана эрте турмушка чыгуудан коргоо боюнча коомдук диалогдор өттү:

  1. 2023 ж. 10-майда Нарын областынын Жумгал районунда;
  2. 2023 ж. 11-майда Нарын областынын Ак-Талаа районунда;
  3. 2023 ж. 15-майда Ыссык-Көл областынын Ак-Суу районунда;
  4. 2023 ж. 16-майда Ыссык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда;
  5. 2023 ж. 23-майда Чүй областынын Сокулук районунда;
  6. 2023 ж. 24-майда Чүй областынын Токмок шаарында;
  7. 2023 ж. 30-майда Баткен областынын Сүлүктү шаарында;
  8. 2023 ж. 30-майда Баткен областынын Раззаков шаарында;
  9. 2023 ж. 31-майда Ош областынын Кара-Кулжа районунда;
  10. 2023 ж. 1-июнда Ош областынын Өзгөн районунда.
  11. 2023 ж. 19-июнда Талас областынын Кара-Буура районунда;
  12. 2023 ж. 20-июнунда Талас областынын Манас районунда;
  13. 2023 ж.21-июнунда Жалал-Абад областынын Таш-Кумыр шаарында;
  14. 2023 ж. 22-июнунда Жалал-Абад областында Кара-Көл шаарында.

Коомдук диалогдордо диний ишмерлер, ар кандай конфессиялардын өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, социалдык өнүктүрүү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана балдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, зордук-зомбулуктан жана басмырлоодон коргоо менен алектенген активисттер жана журналисттер катышышты.

Кыздардын эрте турмушка чыгуусунан жана ата-энелеринин диний ишенимдеринин таасиринен улам мектепти таштап кетүү маселеси Кыргызстан үчүн, өзгөчө айыл жеринде абдан актуалдуу. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясында «ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу» деп кепилдик берилет. Бирок, Кыргызстанда ата-энелердин диний ишенимдеринин негизинде кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектөө маселеси актуалдуу бойдон калууда жана мыйзамдык деңгээлде тыюу салынганына жана бул актынын криминалдаштырылганына карабастан, Кыргызстанда эрте никеге туруу маселеси курч бойдон калууда жана ушул себептен кээ бир кыздар мектепти бүтүрбөй окуунун таштаганга мажбур болушат.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Нарын, Ыссык-Көл, Чүй, Баткен, Ош облустарында, жалпысынан 14  райондо диний уюмдар менен кыздардын билим алуу укуктарын жана эрте турмушка чыгуудан коргоо боюнча коомдук диалогдор уюштурулган. Ушундай эле Коомдук диалогдор июнь айында Талас жана Жалал-Абад областарында (ар бир облуста 2ден кем эмес) уюштурулат.

Коомдук диалогдор “Диндер аралык диалогду жана толеранттуулукту илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында ЕККУнун колдоосу менен “Социалдык технологиялар агенттиги” тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен кызматташтыкта өткөрүлүүдө.

Г.К. Окоева, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо бөлүмүнүн башчысы өз сүйлөөсүндө дискриминациялык нике практикасы, анын ичинде никеге чейинки куракта никеге тургандардын саны боюнча республиканын деңгээлинде расмий маалыматтарды табуу кыйын, анткени алар мамлекеттик каттоого ээ эмес болушу мүмкүн. Бирок, Кыргыз Республикасынын аймагында эрте никеге туруунун кеңири таралганын тастыктаган бир катар изилдөөлөр бар экенин белгиледи. «Демографиялык жана ден соолук изилдөөсүнө ылайык, аялдардын 14% 18 жашка чейин турмушка чыгышкан, ал эми аялдардын 1% дан азы 15 жашка чейин турмушка чыккан. Ошол эле учурда 18 жашка чейин эркек балдардын турмуш курган учурлары катталган эмес[1]. Ден соолук индикаторлорунун кластердик изилдөөсү 15–49 жаштагы аялдардын 0,4%ы 15 жашка чейин турмушка чыкканын, ал эми 20–49 жаштагы аялдардын 12,7%ы 18 жашка чейин турмушка чыкканын көрсөттү.[2]» – деди  Г.К.Окоева.

Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Г.К.Абдылдаева саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөп жатып, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кыздардын билим алуу укугунун жана эрте никеге туруудан коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын белгиледи, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн, диний конфессиялардын жана активисттердин өкүлдөрү менен коомдук диалогдорду өткөрүүнүн, көйгөйдү жана мүмкүн болгон сунуштарды талкуулоонун, ошондой эле аларды калк менен алдын алуу иштерине тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Сиздер менен кызматташтыкта жергиликтүү жамааттарда гендердик теңчилик жана кыздардын билим алуу укугун баяндоону, эрте никеге турууга жол бербөөнү жана маалыматтык материалдарды калк арасында андан ары жайылтууну илгерилетүү абдан маанилүү, анткени сиздер жер – жерлерде пикир лидерлери болуп саналасыздар”, – деп белгиледи КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү.

Г.К.Абдылдаева, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси.

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын координациялоо жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башкы адиси А.Э.Эркимбеков өз сөзүндө 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясында аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча кандай чаралар камтылганы тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле кыздардын билим алууга укуктарын жана эрте никеге туруудан  коргоо боюнча калкка маалымдоо, анын ичинде диний конфессиялардын өкүлдөрү менен биргеликте ар тараптуу комплекстүү иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы балдардын билим алуу укуктарын коргоого жана кыздарды эрте турмушка берүүдөн коргоого өзгөчө көңүл бурат», – деп белгиледи А.Эркимбеков.

Кыздардын билим алуу укуктарын жана эрте никеге туруудан коргоо боюнча коомдук диалогдордо кыздардын эрте турмушка чыгуусунан жана ата-энелеринин диний ишенимдеринин таасиринен улам мектепти таштап кетүү маселеси боюнча долбоордун алкагында иштелип чыккан маалыматтык маалыматтык материалдар сунушталды жана талкууланды. Төмөндө маалыматтык материалдарга шилтемелер берилген:

Ролик: «Биздин диний ишенимдерибиз кыздардын билим алууга болгон укугун чектебеши керек»

кыргыз тилинде: https://www.youtube.com/watch?v=68ZqPH0giSg&t=10s

орус тилинде: https://www.youtube.com/watch?v=DQTW7psjTj4&t=19s

Ролик: «Биз кесипти туура тандайбызбы?»

кыргыз тилинде: https://www.youtube.com/watch?v=2uIXbum3kHg

орус тилинде: https://www.youtube.com/watch?v=WY21TDtF0eY

Ролик: «Эрте турмуш курган кыздар кандай кыйынчылыктарга кабылат?»

кыргыз тилинде:: https://www.youtube.com/watch?v=Ws603KeA7_U&t=1s

орус тилинде: https://www.youtube.com/watch?v=W3x9qbOeegQ&t=1s

Инфографика:

«Биз кесипти туура тандайбызбы?»

https://hero-datkayim.kg/wp-content/uploads/2022/08/pravilno-li-my-vybiraem-professii___.pdf

Инфографика:

«Эрте турмуш курган кыздар кандай кыйынчылыктарга кабылат?»

https://hero-datkayim.kg/wp-content/uploads/2022/08/chego-lishayutsya-devochki-iz-za-rannih-brakov.pdf

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү байланыштар аркылуу байланышыңыз: +996772717426 (тел/WA), bakulya.islanbekova@gmail.com – Бактыгуль Исланбекова.

Сайт:sta.kg/

Фейсбук: https://www.facebook.com/DatkAyim2019

Инстаграм: https://www.instagram.com/datkaiym_hero/?r=nametag

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCwVLDlowjyokVfRr1JtYiTw/featured

Пайдалуу
Ссылкалар