Кайсы мамлекеттерде мыйзамдуу жумушка орношсо болорун эмгек министри Кудайберген Базарбаев айтып берди

2023-жылдын алты айында 7 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөдө жумушка орношкон. Мындай сандарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча билдирди.
«Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу боюнча коопсуз эмгек миграциясы үчүн шарттарды түзүү, жаңы кесиптик көндүмдөрдү жана билимдерди алууга көмөктөшүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Эмгек миграциясы – бул дүйнөлүк тенденция, адамдар башка өлкөлөрдө жаңы тажрыйба, жаңы адистикке ээ болуу үчүн иштеп, каражат чогултуп, анан өз өлкөсүнө кирешелүү бизнеске инвестиция салууда.
Мыйзамдуу ишке орноштурууну камсыз кылуу үчүн министрлик шаарлардагы ишканалар жана өнөр жай ишканалары менен кызматташуу келишимдерин түздү. Москва, Ростов-на-Дону, Иваново, Подольск, Астрахань, Примор крайы, Башкортостан, Татарстан ж.б.
Министрлик аркылуу кыргызстандыктар Түштүк Кореяда расмий жумушка орношо алышат. Жыл башынан бери 166 адам кеткен.
Улуу Британиянын операторлору менен 9000 адамды сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу боюнча келишимдерге, ошондой эле Болгария жана Венгрия менен ушул сыяктуу келишимдерге кол коюлган.
Соода, мейманкана жана ресторан бизнеси ж.б. тармактар боюнча биздин жарандар үчүн 1200 бош орундар боюнча келишим түзүлдү. Перс булуңунун алты өлкөсүндө. Алар: Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Оман, Катар жана Кувейт.
Япониянын мамлекеттик органдары менен меморандумга кол коюлду, ал биздин кыргызстандыктарга жогорку макамды – “квалификациялуу жумушчу” деген макамды берет.
Франциянын, Швециянын жана Литванын ишканаларында 5 миңге чейин кыргызстандык иштей алат, Израилде ишке орноштуруу боюнча иштер жүрүп жатат», – деп билдирди министр.
министр.
Пайдалуу
Ссылкалар