Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
Жыйынга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер катышты.
Жумушчу топ түшүндүргөндөй, Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топтун милдети заманбап талаптарга ылайыкталган үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салуу системасын иштеп чыгуу болуп саналат.
Жаңы документ бардык ратификацияланган эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга, үй-бүлөлүк укук жаатында Кыргыз Республикасы өзүнө алган бардык эл аралык милдеттенмелерге ылайык келет.
Пайдалуу
Ссылкалар