Токмок №2 психоневрологиялык социалдык-станционардык мекемесинде күн батареялары аркылуу суу жылыткан системалар орнотулду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Токмок шаарындагы психоневрологиялык социалдык-станционардык мекемесине күн энергиясы менен суу жылыткычтарды орнотуу долбоорунун ачылышына катышты.
Министрдин айтымында, бул интернаттардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн күн энергиясын пайдалануу боюнча социалдык камсыздоо системасынын биринчи тажрыйбасы.
Күн энергиясы менен суу жылыткычтарды орнотуу интернаттын бейтаптарын жетиштүү ысык суу менен камсыздоо менен алардын жашоосун жакшыртат. Ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз болуу диспансердин кызматкерлерине бейтаптарга толук кандуу гигиеналык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Күн менен суу жылытуу системасын колдонуу энергияны алуу үчүн заманбап, экологиялык жактан таза ыкма болуп саналат”,-деди министр К.Базарбаев.
Долбоордун алкагында күн энергиясы менен суу жылытуучу 6 заманбап система орнотулду. Интернаттын 6 имаратына 750 жана 1000 литрлик алты резервуар аркылуу ысык суу менен камсыздалат.
250 орунга ылайыкташтырылган интернатта 18 жаштан жогорку психоневрологиялык диагнозу бар кызмат алуучулар жашап келет. Жакынкы убакка чейин ысык сууга болгон муктаждыкты үч “Аристон” камсыздап келген, бирок алардын көлөмү (ар бири 80 литрден) дайыма жетишсиз болуп келген, анын ичинде жабдуулардын эскиришине байланыштуу.
оборудования.
Пайдалуу
Ссылкалар