Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат

Бул тууралуу КМШга мүчө мамлекеттерде эмгекти ченемге салуу боюнча эл аралык конференцияда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Конференция эмгекти ченемге салуу, иш процесстерин оптималдаштыруу жана өндүрүмдүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында билим, тажрыйба жана алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн катышуучуларын чогултту. Министрликтердин жана ведомстволордун, илимий мекемелердин жана профсоюздардын өкүлдөрү эмгекти ченемге салуу жаатындагы акыркы тенденциялар, ыкмалар жана алдыңкы тажрыйбалар менен таанышышты.

Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында,  мекеменин ишмердигинде эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери негиз болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси А.У.Жапаровдун тапшырмасы боюнча министрлик Эмгек кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууда.

Документ тараптардын эмгек мамилелеринин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна, экономикалык өсүшкө, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана адамдардын бакубаттуулукка жетишүү үчүн зарыл болгон укуктук шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасында калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу жаатында бир топ иштер аткарылып жатат. Өлкөдө ар кандай активдүү иш-чаралардын аркасында өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу жумушсуздардын саны 5%га кыскарды, жумуш менен камсыз болгон жарандардын саны 10%дан ашык өстү», – деди министр.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар эмгекти ченемге салуу жаатындагы ченемдик талаптардагы акыркы өзгөрүүлөрдөн кабардар болууга мүмкүндүк берүүчү инструменттерди жана билимдерди алышты. Алар жаңы мыйзамдар, стандарттар жана жөнгө салуу талаптары жөнүндө билишти. Бул аларга тиешелүү эрежелерди сактоого жана мүмкүн болгон мыйзам бузууларды болтурбоого жардам берет жана жумуш берүүчүлөргө башка бизнес өкүлдөрү, эксперттер жана эмгек стандарттары боюнча кеңешчилер менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул келечектеги өнөктөштүк, билим жана тажрыйба алмашуу, консультация жана биргелешкен долбоорлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

совместных проектов.
Пайдалуу
Ссылкалар