Эмгек министри Улуу Британиянын элчиси менен кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу маселесин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер менен кыргызстандыктарды сезондук жумушка орноштуруу маселесин талкуулады.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун миграциялык кырдаалды жакшыртуу боюнча Жарлыгынын алкагында министрлик жарандарды чет өлкөлөрдө мыйзамдуу, коопсуз ишке орноштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча ар кандай иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул аларга кошумча билим жана көндүмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берет.
Учурда Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияда убактылуу сезондук жумушка мыйзамдуу түрдө жумушка алуу Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген үч оператор менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
Келишимге ылайык, 2023-жылга Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 8000 адам квотасы бөлүнгөн”, – деп белгиледи министр.
Ушул күнгө карата сезондук айыл чарба кызматкерлеринин программасы боюнча улуу британиянын фермаларында ийгиликтүү өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы саны – 5230 түздү.
Пайдалуу
Ссылкалар