Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери иш берүүчүлөрдүн суроо-талаптарынын 60% жумушчулар менен камсыз болду

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын алты айында иш берүүчүлөр бош жумуш орундарына 12 миңден ашык арыз беришкен.

Шаардык жана райондук иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан бош орундарга 7,5 миңден ашык жумушсуз жарандар же муктаждыктын 60% ишке орношкон. Ошол эле учурда өндүрүштүн тармактары үчүн кадрлардын жеткиликтүүлүгү ар кандай болгон. Мисалы, курулуш тармагындагы 420 бош орундун 75% жабылган. Эмгек министрлиги жумуш менен камсыз болгон жарандардын 1,6 миңи мамлекеттик секторго, калгандары жеке секторго аныкталганын белгилейт.

Пайдалуу
Ссылкалар