2023-жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого каржылоо 30% га көбөйтүлдү

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда өтүп жаткан “протездик-ортопедиялык тармак үчүн заманбап чечимдер жана технологиялар” эл аралык конференциясында билдирди.
Конференция Эмгек министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан “МЕТИЗ өндүрүш” ЖЧКнын колдоосу менен уюштурулуп, 15 өлкөдөн: Германия, Россия, Түштүк Корея, Түштүк Африка Республикасы, Италия ж. б. протездик-ортопедиялык тармактын өкүлдөрүн чогултту.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан чоңдордун жана майып балдардын жашоосун жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Пособие, интернаттардагы тамак-аш үчүн акы төлөө, персоналдык ассистенттерге төлөмдөр эки эсеге көбөйтүлдү.
Мамлекет башчысы тарабынан майыптыгы бар адамдарга көңүл буруунун көрсөткүчү катары балдардын церебралдык шал оорусу жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу диагнозу коюлган 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбордун ачылышы болду
2023- жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого каржылоонун 30% га көбөйүшүнүн аркасында 57,5%га көп балдар жана чоңдор ар кандай кызматтарды ала алышты. Беш айдын ичинде Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин буюмдары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен 11 миңден ашуун адам камтылды”, – деп белгиледи Кудайберген Базарбаев.
2020-жылдан баштап майыптар боюнча министрлер кабинетинин чечимдери алардын түздөн-түз катышуусу менен кабыл алынышы маанилүү. Мына ушундай документтердин бири 2030-жылга чейин мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана башка кыймыл-аракети чектелген жарандар үчүн “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы болду”.
“Ошондой эле “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында жарандарды күбөлөндүрүүгө жиберүү, медициналык-социалдык эксперттик комиссияда майыптык фактысын аныктоо процессин автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, – деди Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө.
Пайдалуу
Ссылкалар