2023-жылы социалдык келишимдин алкагында өлкө боюнча 1289 жаңы өндүрүш объектилери ачылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы мамлекет менен келишим түзгөн 9930 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн дээрлик 13%ы чакан өндүрүш ачкан.
Үй-бүлөлөр мамлекеттен алган 100 миң сомго төмөндөгү өндүрүш ишканалары ачылды:
• 1183 – тигүү цехтери, ошондой эле курак техникасын, түрдүү саймаларды, анын ичинде кыз-келиндерге септи колдонуу менен буюмдарды чыгарган чыгармачылык цехтер;
• Темир-бетон буюмдарын, пескоблокторду, кирпичтерди жана башкаларды чыгаруу боюнча 17 цех.
• 32 жыгач устачылык цехи, эмерек жана пластик терезелерди чыгаруучу цех,
• 13 самын жасоочу цех,
• 2 мини тегирмен,
• 12 үй-бүлө биожер семирткич жасайт,
•30 үй-бүлө кургатылган жемиш, курут, балмуздак жасашат.
Пайдалуу
Ссылкалар